# 3-берене. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоо

- Документ: [Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111772)
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 17-апрелиндеги № 40 "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 52 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О товарных складах и складских свидетельствах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112537)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111772#diff=1233549..1233550>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2583/edition/1233549/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111772/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө, 3-берене (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-3

---

1. Товардык кампа тиешелүү күбөлүк алган күндөн тартып, жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү) менен продукцияны кампага сактоо боюнча кызматтарды көрсөтүүгө укуктуу.

2. Күбөлүк алуу үчүн товардык кампанын ыйгарым укуктуу адамы ыйгарым укуктуу органга арызын жана документтерди тапшырат. Арыздын формасы, ошондой эле документтердин тизмеги, аларды берүү жана карап чыгуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

3. Кыргыз Республикасынын коммерциялык сыр жөнүндө мыйзамдарында жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарды кошпогондо, бирдиктүү мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтар ачык болуп саналат жана каттоочу органдын веб-сайтында жайгаштырылууга тийиш.

(КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-4)
