# 19-берене. Кампа күбөлүктөрүн чыгаруу менен продукцияны кампада сактоону жүзөгө ашыруудагы камсыздандыруу

- Документ: [Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111772)
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 17-апрелиндеги № 40 "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2583/edition/1233549/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111772/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө, 19-берене (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-19

---

1. Товардык кампа кампага жыюу үчүн колдонулуучу өзүнүн кыймылсыз мүлкүн, ошондой эле персонал тарабынан өз милдеттерин талаптагыдай эмес аткаруусуна же аткарбоосуна байланышкан тобокелдиктерди камсыздандырууга укуктуу.

2. Товардык кампа продукция жоголгон, жарабай калган, жетпей калган же бузулган/бүлүнгөн учурда кампа күбөлүктөрүн кармоочулардын алдындагы өзүнүн жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандырууга укуктуу.

3. Эгерде кампада сактоо келишиминде продукцияны камсыздандыруу каралбаса, жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүнө "Камсыздандыруусу жок" деген жазуу жазылат. Бирок бул жазуу продукциянын менчик ээсине жана күрөө кармоочуга продукцияны же болбосо өзүнүн жөнөкөй же кош кампа күбөлүгү боюнча укуктарын өз каалоосу менен камсыздандырууга тыюу салуу болуп саналбайт.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-20)
