# 18-берене. Кампа күбөлүктөрү боюнча милдеттенмелердин аткарылышына кепилдик берүү

- Документ: [Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111772)
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 17-апрелиндеги № 40 "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2583/edition/1233549/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111772/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө, 18-берене (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-18

---

1. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу укуктук мамилелердин субъекттеринин тобокелдиктерин минималдаштыруу максатында, ошондой эле продукцияга жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн чыгарууга (берүүгө) жана жүгүртүүгө байланыштуу келип чыгуучу милдеттенмелердин товардык кампалар тарабынан аткарылышына кепилдик берүү максатында Кампа күбөлүктөрү боюнча милдеттенмелердин аткарылышына кепилдик берүү фонду (мындан ары - Фонд) түзүлүшү мүмкүн.

2. Фонддун иши товардык кампа - Фонддун катышуучусу берген жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүндө көрсөтүлгөн продукциянын наркын жабууга кепилдик берүү аркылуу, товардык кампа чыгарган кампа күбөлүктөрү боюнча милдеттенмелердин товардык кампа тарабынан аткарылбай калышынан кампа күбөлүктөрүн кармоочулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-19)
