# 17-берене. Күрөөгө коюлган продукцияны күрөө күбөлүгүнүн негизинде өндүрүп алуу жана сатуу

- Документ: [Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111772)
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 17-апрелиндеги № 40 "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2583/edition/1233549/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111772/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө, 17-берене (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-17

---

1. Күрөө күбөлүгүн кармоочу анын күрөө күбөлүгү менен камсыздалган талаптары мөөнөтүндө канааттандырылбаган учурда күрөөгө коюлган продукцияны күрөө жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте өндүрүп алууга, сатууга жана өзүнүн талаптарын жабууга укуктуу.

2. Эгерде келишимде башкасы белгиленбесе, күрөө күбөлүгүн кармоочунун талаптарын күрөөгө коюлган мүлктүн наркынын эсебинен канааттандыруу күрөөгө коюлган продукцияны тоорукта сатуу аркылуу жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-18)
