# 15-берене. Кампа күбөлүгүн кармоочуга продукцияны берүү

- Документ: [Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111772)
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 17-апрелиндеги № 40 "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2583/edition/1233549/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111772/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө, 15-берене (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-15

---

1. Жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн кармоочу продукцияны талап кылуу үчүн продукцияны чыгаруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз менен товардык кампага кайрылууга жана товардык кампага өзү келүүгө же ыйгарым укуктуу өкүлүн жиберүүгө милдеттүү.

2. Товардык кампа жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүнүн ордуна продукцияны берердин алдында кампа күбөлүгүн кармоочунун ушул күбөлүккө ээлик кылууга жана продукцияны алууга укугу бар экенин текшерүүгө милдеттүү, андан соң товардык кампа кампа күбөлүгүн жоет, бул тууралуу товардык кампанын ыйгарым укуктуу адамы кампа күбөлүктөрүнүн реестрине тиешелүү жазууларды жазат.

3. Товардык кампа төмөнкүдөй учурларда кампа күбөлүгүн кармоочуга продукцияны берүүдөн жазуу жүзүндө баш тартууга укуктуу, эгерде:

1) күрөө кармоочу тарабынан жасалган тиешелүү индоссаменти бар күрөө күбөлүгү жок болсо;

2) кампа күбөлүгүнүн бланкынын абалы аны идентификациялоого же аныктыгын текшерүүгө мүмкүндүк бербесе.

Товардык кампа продукцияны берүүдөн баш тарткан учурда, жазуу жүзүндөгү баш тартуу менен бир учурда кампа күбөлүгүн аны кармоочуга кайтарып берүүгө милдеттүү.

4. Эгерде келишимде башкасы каралбаса, товардык кампа продукцияны бергенде жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн кармоочу продукцияны кампага сактоого байланыштуу бардык төлөмдөрдү жүргүзүүгө милдеттүү.

5. Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүгүн кармоочу, күрөө күбөлүгүн кармоочу же товардык кампа продукцияны берүүдө продукцияны карап чыгып, текшерүүнү жана (же) продукциянын сапатына көз каранды эмес экспертиза жасоону талап кылууга укуктуу. Карап чыгууга, текшерүүгө жана сапатты экспертизалоого байланышкан чыгымдардын ордун демилгелеген тарап толтурат.

6. Эгерде жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн кармоочу кампада сактоо келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин продукцияны алып кетпесе, анда товардык кампа жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн кармоочуга кампада сактоо келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин бир айдан ашпаган мөөнөттүн ичинде продукцияны алып кетүү же кампага сактоо келишимин жаңы мөөнөткө түзүү зарылдыгы тууралуу жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.

7. Эгерде товардык кампа ушул берененин 6-бөлүгүндөгү талаптарды аткарса жана мында продукциянын менчик ээси продукциясын алуудан качса, товардык кампа Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган тартипте аракеттенүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-16)
