# 14-берене. Кампа күбөлүктөрүн жоюу

- Документ: [Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111772)
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 17-апрелиндеги № 40 "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2583/edition/1233549/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111772/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө, 14-берене (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-14

---

1. Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн жоюу товардык кампа тарабынан жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн кармоочуга продукцияны кайтарып бергенде жана продукциянын саны жана сапаты боюнча доомат жок болгондо, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган башка учурларда жүргүзүлөт.

2. Жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн жоюу ага "Жоюлду" деген жазуусу бар штампты коюу, жоюлган датаны көрсөтүү жана кампа күбөлүктөрүнүн реестрине тиешелүү жазууларды жазуу жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоо жолу менен жоюлган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-15)
