# 11-берене. Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүнүн формасы

- Документ: [Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111772)
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 17-апрелиндеги № 40 "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 52 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О товарных складах и складских свидетельствах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112537)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111772#diff=1233549..1233550>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2583/edition/1233549/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111772/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө, 11-берене (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-11

---

1. Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрү атайын даярдалган кагаз бланкка жазып берилет. Жөнөкөй кампа күбөлүгү документардык эмес формада таризделиши мүмкүн. Кош кампа күбөлүгүнүн эки бөлүгүнүн тең бланктарынын номерлери бирдей болууга тийиш.

Документардык эмес формадагы жөнөкөй кампа күбөлүгүнүн, ошондой эле документардык формадагы жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүнүн бланкынын формалары, коргоо даражасына карата талаптар, аларды алуу, сактоо, жок кылуу жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

2. Жөнөкөй кампа күбөлүгү жана кош кампа күбөлүгү Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган маалыматтарды камтууга тийиш.

Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүнүн колдонулушу продукцияны сактоо мөөнөтү аяктагандан кийин токтотулат.

3. Кампа күбөлүгүн күрөө күбөлүгүнөн бөлүүдө кредиттик келишимдин жана күрөө келишиминин колдонулушунун мөөнөтү кош кампа күбөлүгүндө көрсөтүлгөн продукцияны сактоо мөөнөтүнөн ашпайт.

(КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-12)
