# 10-берене. Товардык кампалардын ишин мамлекеттик жөнгө салуу

- Документ: [Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111772)
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 17-апрелиндеги № 40 "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2583/edition/1233549/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111772/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө, 10-берене (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-10

---

1. Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү) менен кампага сактоону жүзөгө ашыруучу товардык кампалардын иши ишкердик субъекттерге текшерүү жүргүзүү жана баалуу кагаздар менен операцияларды жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык текшерилүүгө тийиш.

2. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товардык кампалардын ушул Мыйзамда белгиленген талаптардын, ошондой эле баалуу кагаздар менен операцияларды жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын контролдоо максатында текшерүүнү жүзөгө ашырат.

Баалуу кагаздар менен операцияларга карата талаптар аткарылбаган учурда, товардык кампага баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдарда каралган чаралар колдонулат.

3. Табылган эреже бузуулар жана алардын жоюлганы же жоюлбаганы жөнүндө маалыматты баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу, экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү, ошондой эле ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан ыйгарым укуктуу органга эреже бузуу табылган жумушчу күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен, ыйгарым укуктуу органдын күбөлүктүн колдонулушун токтото туруу, жаңыртуу же токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу максатында жиберилүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-11)
