# 1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуучу предмети

- Документ: [Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111772)
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 17-апрелиндеги № 40 "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2583/edition/1233549/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111772/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө, 1-берене (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-1

---

1. Ушул Мыйзам жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү) менен айыл чарба жана кайра иштетилген айыл чарба продукциясын (мындан ары - продукция) кампага сактоону жүзөгө ашыруучу товардык кампалардын иштешинин укуктук жана уюштуруучулук шарттарын белгилейт, ошондой эле жөнөкөй кампа күбөлүктөрүн жана кош кампа күбөлүктөрүн жана анын айрым бөлүктөрүн (кампа жана күрөө күбөлүктөрүн) чыгаруу (берүү), жүгүртүү, алмаштыруу жана жоюу учурунда келип чыгуучу укуктук мамилелерди жөнгө салат.

2. Кампа күбөлүктөрүн чыгарбастан (бербестен) продукцияны кампага жыюуну жүзөгө ашырып жаткан товардык кампаларга ушул Мыйзамдын колдонулушу жайылтылбайт жана өздөрүнүн ишин Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырат.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-2)
