# 1-берене

- Документ: [Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111771)
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 38 "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.04.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111771/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2582/edition/867691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111771/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (13.04.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111771/st-1

---

"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 761-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-беренеде:

а) он алтынчы абзацта "Төрагасы" жана "Директорлор" деген сөздөр тиешелүү түрдө "төрагасы" жана "директорлор" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:

"Делистинг - фондулук биржанын өзгөчө тизмесинен баалуу кагаздарды алып салуунун жол-жобосу. Делистинг эрежелери фондулук биржа тарабынан белгиленет.";

в) берене төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма биринчи жана жыйырма экинчи абзацтар менен толукталсын:

"Квалификациялуу инвестор - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу, Кыргыз Республикасынын резиденти эмес - жеке же юридикалык жак, ошондой эле бүтүм жасоо үчүн Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусуна берилүүчү акча каражатынын бир жолку көлөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү институциялык же жекече инвестор. Квалификациялуу инвесторлорго гана арналган баалуу кагаздарды чыгаруунун жана жүгүртүүнүн өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";

г) берене төмөнкүдөй мазмундагы отуз экинчи абзац менен толукталсын:

"Облигацияларды жоюу - жайгаштырылган облигацияларды жүгүртүүдөн сый акы жана облигациянын номиналдык наркын төлөө (кийин сатуу максатында эмес) же аны облигацияларды чыгаруу проспектинде белгиленген тартипте ошол эле эмитенттин акциясына (акцияларына) конвертациялоо жолу менен алуу боюнча эмитенттин аракеттери.";

2) 16-1-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:

"- камсыз кылынган облигацияларды чыгарган учурда эмитенттин милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуунун бар экенин ырастоочу документтер.";

3) 17-1-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"4. Баалуу кагаздардын ачык сунушталышынын шарттарын жана проспектин мамлекеттик каттоодон алар максатка ылайыктуу эмес деген жүйөө боюнча баш тартылышы мүмкүн эмес.";

4) 18-берененин 2-бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- эмитент өзүнүн Кыргыз Республикасында ачык сунушталуучу баалуу кагаздарына ээлик кылуучулардын укуктарын эсепке алуу үчүн, баалуу кагаздар рыногунун депозитардык ишти жүзөгө ашыруучу кесипкөй катышуучусу менен келишим түзсө.";

5) 20-берененин 1-бөлүгүндө:

а) 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу жана онунчу абзацтар менен толукталсын:

"- баалуу кагаздарды төлөө, баалуу кагаздар боюнча киреше алуу ыкмасы, баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн мөөнөтү жана жоюунун тартиби;

- баалуу кагаздарды конвертациялоонун тартиби (конвертациялануучу баалуу кагаздарды чыгарууда);";

6) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-1 - 6-7-пункттар менен толукталсын:

"6-1) эмитент өндүрүүчү же керектөөчү товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) жалпы наркынын 5 жана андан ашык пайызын түзгөн көлөмдө эмитенттин товарларын (жумуштарын, кызмат көрсөтүүлөрүн) керектөөчүлөр жана берүүчүлөр жөнүндө; 6-2) эмитенттин активдеринин жалпы көлөмүнүн 10 пайыздан кем эмесин түзгөн активдеринин сыпаттамасы жана көлөмү, анын ичинде:

- активдин бааланган суммасын, баалоочунун аталышын, ар бир актив бааланган датаны жана тийиштүү келишимдердин колдонуу мөөнөтү бүтө турган датаны көрсөтүү менен, эмитенттин ишенимдик башкарууга өткөрүлүп берилген, ошондой эле эмитенттин милдеттенмелеринин камсыз кылынышы болуп саналган активдери жөнүндө;

- дебиторлордун тизмесин көрсөтүү менен, эмитенттин активдеринин баланстын наркынын 5 жана андан ашык пайызын түзгөн дебитордук карыздар, аларды жоюунун мөөнөттөрү жөнүндө;

6-3) кредиторлордун тизмесин, анын ичинде эмитент чыгарган баалуу кагаздар боюнча кирешени төлөө боюнча карыздын суммасын көрсөтүү менен, эмитенттин милдеттенмелеринин баланстык наркынын 5 жана андан ашык пайызын түзгөн кредитордук карыздар, аларды жоюунун мөөнөттөрү жөнүндө; 6-4) ушул бөлүктүн 3 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн жактарды кошпогондо, эмитенттин аффилирленген жактары жөнүндө; 6-5) облигациялык заёмдун максаттуу арналышы жөнүндө. Мында максаттуу арналыш катары жүгүртүү каражаттарын толуктоону проспектиде көрсөтүүгө жол берилбейт; 6-6) камсыз кылынган облигацияларды чыгарган учурда бул чыгарылыштагы облигациялардын камсыз кылынышы жөнүндө; 6-7) облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө;";

6) 22-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"4. Ушул Мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктундагы үчүнчү, бешинчи, жетинчи, тогузунчу жана онунчу абзацтарда жана 6-6-пунктунда көрсөтүлгөн облигацияларды чыгаруу проспектиндеги маалыматтарды өзгөртүү облигацияларды кармоочулардын жалпы чогулушунун чечиминин негизинде, төмөнкүдөй шарттар сакталганда эмитент тарабынан жүзөгө ашырылат:

1) эмитент тарабынан сатып алынган облигацияларды кошпогондо, ушул чыгарылыштын жайгаштырылган облигацияларынын жалпы санынын 85 пайызынан кем эмесине ээлик кылган облигация кармоочулар бул чечим үчүн добуш берсе;

2) облигацияларды кармоочулардын курамында, эмитент тарабынан сатып алынган облигацияларды кошпогондо, ушул чыгарылыштын облигацияларынын 10 пайыздан ашыгына ээ болгон 2 же андан ашык жак бар болгон учурда, - облигациялардын мындай кармоочуларынын жалпы санынын 75 жана андан ашык пайызы чыгаруу шарттарын өзгөртүү үчүн добуш берсе.";

7) 30-беренеде:

а) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

"- жайгашкан жерин, негизги багытын, чарчы метрде аянтын жана жүктөнүмү бар, же болбосо жок экендигин көрсөтүү менен, кыймылсыз мүлк объекттери тууралуу маалыматты;";

б) 5-бөлүктүн экинчи абзацы "басма сөз" деген сөздөрдөн кийин ", же болбосо электрондук" деген сөздөр менен толукталсын;

8) 31-беренеде:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

"- кыймылсыз мүлктүн аянтына карабастан, аны сатып алуу, бир жылдан ашык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга алуу же өткөрүп берүү, же болбосо ээлигинен ажыратуу предмети болуп саналган келишимди же башка документти түзүү фактысы жана/же мындай келишимди мамлекеттик каттоо фактысы;";

б) 4-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Жалпыга маалымдоо каражаттарына, анын ичинде алардын ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык баалуу кагаздар рыногунун жөнгө салынуучу субъекттеринин иши жөнүндө милдеттүү жарыяланууга жатуучу маалыматтарды жарыялоо үчүн пайдаланууга мүмкүн болгон түрлөрүнө карата талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";

9) 35-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"4. Баалуу кагаздардын мурдагы чыгарылышын болду же болгон жок деп тааныганга чейин баалуу кагаздардын чыгарылышын мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырууга мүмкүн эмес.";

10) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 35-1 жана 35-2-беренелер менен толукталсын:

"35-1-берене. Облигацияларды чыгаруунун шарттары

1. Эгерде эмитент облигацияларды чыгарууну мамлекеттик каттоо үчүн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга документтерди берген күнгө карата анда акыркы 3 жыл ичинде жүгүртүүдө жүргөн (акцияларды кошпогондо) баалуу кагаздарды (анын ичинде сый акы төлөө же баалуу кагаздарды жоюу боюнча милдеттенмелерди) чыгаруунун шарттарын өз убагында аткарбаган же такыр аткарбаган учурлар, ошондой эле акыркы 3 жыл ичинде жүгүртүүдө жүргөн баалуу кагаздардын (акциялардын жана облигацияларды кармоочулар макул болгон учурда облигациялардын ыктыярдуу делистингин кошпогондо) делистинги болбосо гана, эмитент акцияларды чыгарууну жүзөгө ашырууга укуктуу.

2. Облигацияларды жүгүртүүнүн ушул облигацияларды чыгаруунун проспектинде белгиленген мөөнөтүнүн ичинде эмитент төмөнкүдөй шарттарды сактоого милдеттүү:

1) квалификациялуу инвесторлорго гана арналган облигацияларды кошпогондо, ээлигинен ажыратуу датасына карата алганда эмитенттин активдеринин жалпы наркынын 25 пайызынан ашкан суммада эмитенттин активдеринин курамына кирген мүлктү өз ээлигинен ажыратпоо;

2) квалификациялуу инвесторлорго гана арналган облигацияларды кошпогондо, облигацияларды чыгарууну мамлекеттик каттоо датасына карата алганда эмитенттин активдеринин жалпы наркынын 10 пайызынан ашкан, эмитенттин облигацияларын чыгарууга байланышпаган милдеттенмелерин аткарбоо фактысына жол бербөө;

3) эмитенттин түзүү документтерине эмитенттин ишинин негизги түрлөрүн өзгөртүүнү караган өзгөртүүлөрдү киргизбөө;

4) уюштуруу-укуктук формасын өзгөртпөө.

Ушул бөлүктө каралган шарттар эмитент тарабынан бузулган учурда, эмитент облигацияларды кармоочулардын талабы боюнча, облигацияларды алар боюнча топтолгон пайыздык кирешени эсепке алуу менен облигациялардын номиналдык наркына туура келген баада сатып алууга милдеттүү.

3. Жайгаштырылган облигацияларды эмитент тарабынан сатып алуу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлүүгө тийиш:

1) эмитенттин органы облигациялардын делистинги жөнүндө чечим кабыл алганда;

2) тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жана фондулук биржанын ички документтери менен аныкталган маалыматтарды фондулук биржага берүү боюнча атайын (листингдик) талаптар аткарылбагандыктан улам фондулук биржа эмитенттин облигацияларын делистингдөө жөнүндө чечим кабып алганда.

4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген учурларда эмитент топтолгон пайыздык кирешени эсепке алуу менен, жайгаштырылган облигацияларды алардын номиналдык баасына туура келген баа боюнча, же болбосо облигациялардын адилеттүү рыноктук баасы боюнча, кайсы баасы жогору экенине жараша өйдөрөөк баада сатып алууну жүзөгө ашырууга милдеттүү.

---

Кийинки берене: [35-2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111771/st-35-2)
