2-берене
Күчүндө · 30.03.2018 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2711-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 71-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту "аларга тиешелүү алименттерге" деген сөздөрдөн мурда "18 жашка чыкканга чейин өздүк депозиттик топтоо эсебине которулуучу" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 77-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын:
"4-1. Ушул Кодекстин 71-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жашы жетпегендер көзөмөлгө алынган мекемелердин жетекчилери менчигинин формасына карабастан мекемелердин пайдасына пенсияларды, жөлөкпулдарды жана башка социалдык төлөмдөрдү түшүрүү максатында камкордукка алынгандар үчүн 18 жашка чыкканга чейин өздүк депозиттик топтоо эсебин ачат.".
Берененин тексти 30.03.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111766/st-2" title="2-берене - Социалдык коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>