# 1-берене

- Документ: [Социалдык коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111766)
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 "Социалдык коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111766/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2577/edition/867386/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111766/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Социалдык коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (30.03.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111766/st-1

---

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 765-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-беренеде:

а) 1-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына;";

б) 2-бөлүгү "1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн" деген сөздөрдөн кийин "ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдарды (жетим балдарды) жана" деген сөздөр менен толукталсын;

2) 1-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-берене менен толукталсын:

"3-1-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо принциптери Мамлекеттик жөлөкпулду дайындоо төмөнкү принциптерге негизделет:

1) даректүүлүк - мамлекеттик жөлөкпулдарды конкреттүү алуучуларга алардын жеке өзгөчөлүктөрүн жана башка объективдүү себептерин (жашы, ден соолугунун абалы, жыйынды орто жандык кирешенин өлчөмү, багуучусунун жоктугу, мамлекеттик социалдык колдоого өтө муктаждык, оор турмуштук кырдаал) эске алуу менен берүү;

2) кепилдүүлүк - мамлекеттик жөлөкпулга укугу бар адамдарга аны милдеттүү түрдө дайындоо;

3) ачыктык/айкындык - мамлекеттик жөлөкпулдарды берүүдө ачык-айкындык механизмдерин жана жарандардын мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүгө мүмкүндүк түзгөн байланыш инструменттерин түзүү;

4) жоопкерчилик - мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан ушул Мыйзамдын бузулушуна мамлекеттин таасир этүү механизмдерин түзүү.";

3) 4-беренеде:

а) 1-пункту "адамдарга" деген сөздөн кийин "жөлөкпулдар жана бир жолку төлөөлөр түрүндө" деген сөздөр менен толукталсын;

б) 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

в) 4-пунктунда "медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар (мындан ары - МСЭК) тарабынан эмгекке жөндөмсүз деп таанылган, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар" деген сөздөр "медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар (мындан ары - МСЭК) тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам деп таанылган адамдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

г) 5-пунктунда ", асырап алган үй-бүлөдө" деген сөздөр алып салынсын;

д) берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-10-пункттар менен толукталсын:

7) аз камсыз болгон үй-бүлө - үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн ар айдагы кирешеси кепилденген эң төмөнкү кирешеден төмөн болгон үй-бүлө;

8) жарды үй-бүлө - үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн ар айдагы кирешеси кедейчиликтин чегинен төмөн болгон үй-бүлө;

9) үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси - отчеттук мезгилдин ичинде үй-бүлө мүчөлөрүнүн өндүрүштүк иштен алган кирешелер, менчигинен жана күндөлүк трансферттерден (стипендиялар, материалдык жардам жана башка компенсациялык төлөмдөр, өлчөмү пенсиянын базалык бөлүгүнөн төмөн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын пенсияларын кошпогондо, пенсиялар) алган кирешелер түрүндөгү каражаттарынын суммасы;

10) муктаждыкты аныктоо - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул дайындоо үчүн зарыл болгон үй-бүлөнүн кирешесинин бардык булактарын изилдөө.";

4) 5-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Мамлекеттик жөлөкпулдардын түрлөрү:

1) "балага сүйүнчү" - ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөө;

2) "үй-бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул;

3) "социалдык жөлөкпул" - пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул.";

5) 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-берене менен толукталсын:

"5-1-берене. Кепилденген эң төмөнкү киреше

1. Кепилденген эң төмөнкү киреше - бул бюджеттик мүмкүнчүлүктөрдүн жана экономиканын абалынын эсебинен аныкталуучу, жашоо минимумун эске алуу менен 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул үй-бүлөлөрдүн муктаждыгы аныкталган жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген көрсөткүч.

2. Кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү жыл сайын кайра кароодо жашоо минимумунун орточо жылдык өлчөмүнө жакындоого тийиш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";

6) 7-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7-берене. Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөм

1. Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөө бала төрөлгөндө, анын ичинде эркиндигинен ажыратуу жайларында турган аял төрөгөн баланы кошуп алганда, төлөөнү дайындоо үчүн кайрылган учурда дайындалат.

Бир убакта эки жана андан көп бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөө ар бир балага дайындалат.

2. Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөөнү дайындоого кайрылуу мөөнөтү бала төрөлгөн күндөн тартып 6 айдан ашпашы керек.

Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөп берүүнүн өлчөмү жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

3. Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөө бала (балдар) менен алуучу бирге жашаган учурда дайындалат.";

7) 8-берене күчүн жоготту деп таанылсын;

8) 9-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"9-берене. 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул дайындоо

1. 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) жөлөкпулдун бул түрүнө муктаж болгон шартында дайындалат.

2. 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпулга жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) муктаждыгын аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";

9) 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-берене менен толукталсын:

"9-1-берене. Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоодо эсепке алынуучу кирешелердин түрлөрү Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесинин курамына кирешелердин төмөнкүдөй түрлөрү кирет:

1) жарандардын негизги иштеген, кызмат өтөгөн (аскер кызматчылары) жана окуган жери боюнча эмгек акы жана стипендия түрүндөгү кирешелери, ошондой эле материалдык жардам, жеңилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү акчалай компенсациялар, алардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык белгиленген пенсиялардын базалык бөлүгүнөн төмөн болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын пенсияларын кошпогондо, пенсиялары;

2) жарандардын негизги иштеген, кызмат өтөгөн (аскер кызматчылары) жери боюнча эмес кирешелери;

3) жарандардын экономикалык (ишкердик) ишин жүзөгө ашыруудан алган кирешелери;

4) жарандардын - фермердик, дыйкан чарбаларынын жана башка айыл чарба бирикмелеринин жана уюмдарынын мүчөлөрүнүн жер участокторун жана айыл чарба жандыктарын пайдалануудан алган кирешелери;

5) жарандардын өздүк көмөкчү чарбасынан алган кирешелери.";

10) 11-беренеде:

а) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул бала (балдар) алуучу менен бирге жашаган учурда дайындалат.";

б) 5-бөлүгү "мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрү" деген сөздөрдөн кийин ", бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмдөн тышкары" деген сөздөр менен толукталсын;

11) 14-берененин 1-бөлүгүндө:

а) 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

б) 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5) жөлөкпул дайындалган бала 16 жашка чыкканда (16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандар (үй-бүлөлөр) "үй бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган учурда);";

в) 9-пунктунда "балага жөлөк," деген сөздөр алып салынсын;

г) 10-пункту "мамлекеттик камсыз кылуу" деген сөздөрдөн мурда ", ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган балдарды (жетим балдарды) кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111766/st-2)
