# КР 2018-жылдын 26-мартындагы № 31 "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 26-мартындагы № 31 "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 26.03.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.03.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111764>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2575/edition/866862/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111764.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.03.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2018-жылдын 26-мартындагы № 31 "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (26.03.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111764

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2018-жылдын 26-марты № 31 "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2018-жылдын 15-февралында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111764/st-1)

"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"мониторинг - коомдук жерлерде, басылмаларда, радиодо жана телекөрсөтүүдө жайгаштырылуучу жарнак материалдарына байкоо жүргүзүү, аларды чогултуу, талдоо жана иштеп чыгуу тутуму. Мониторинг фото- жана көрмөбайкоо аркылуу жүргүзүлөт, текшерүү болуп саналбайт жана ушул Мыйзамдын талаптарын бузууларды табууга багытталган.";

2) 5-берененин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Эгерде жарнак берүүчүлөрдүн иши лицензияланууга тийиш болсо, Кыргыз Республикасынын аймагында "иши лицензияланганын" билдирүү жетиштүү болгон радиодогу жарнакты кошпогондо, жарнакта лицензиянын номери, ошондой эле лицензияны берген органдын аталышы көрсөтүлүшү керек.";

3) 14-беренеде:

а) 1-бөлүгүндө "пункттарында" деген сөз "бөлүктөрүндө" деген сөзгө алмаштырылсын;

б) 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында "пунктунда" жана "ушул пунктта" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "бөлүгүндө" жана "ушул бөлүгүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 16-беренеде:

а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:

"Интернет" маалыматтык-телекоммуникациялык тармакта алкоголдук ичимдиктердин жарнагы.";

б) 4-бөлүгүнүн экинчи абзацында "ушул пункттун" деген сөздөр "ушул бөлүктүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 26-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы "мамлекеттик контролду" деген сөздөрдөн кийин "жарнак материалдарынын мониторинги аркылуу" деген сөздөр менен толукталсын;

6) 27-беренеде:

а) 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында "пунктунда" деген сөз "бөлүгүндө" деген сөзгө алмаштырылсын;

б) 3-бөлүгүндө "пунктунда" деген сөз "бөлүгүндө" деген сөзгө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111764/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков
