# КР 2018-жылдын 6-мартындагы № 28 "2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган Маалымат чөйрөсүндө кылмыштуу ишке каршы аракеттенүү боюнча Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 6-мартындагы № 28 "2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган Маалымат чөйрөсүндө кылмыштуу ишке каршы аракеттенүү боюнча Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 28
- Кабыл алынган күнү: 06.03.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111761>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2572/edition/866218/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111761.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2018-жылдын 6-мартындагы № 28 "2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган Маалымат чөйрөсүндө кылмыштуу ишке каршы аракеттенүү боюнча Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы (06.03.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111761

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2018-жылдын 6-марты № 28 2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган Маалымат чөйрөсүндө кылмыштуу ишке каршы аракеттенүү боюнча Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө

2018-жылдын 25-январында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111761/st-1)

2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган Маалымат чөйрөсүндө кылмыштуу ишке каршы аракеттенүү боюнча Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү тууралуу протокол ратификациялансын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111761/st-2)

Жогоруда көрсөтүлгөн Протоколду ишке ашыруу үчүн жооптуу Кыргыз Республикасынын компетенттүү органы катары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аныкталсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111761/st-3)

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Катчылыгына жогоруда көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жана Протоколду ишке ашыруу үчүн жооптуу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу компетенттүү органы жөнүндө кабарласын.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111761/st-4)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков
