# КР 2018-жылдын 6-мартындагы № 27 "2013-жылдын 25-октябрында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин алкагында жашыруун маалыматты сактоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 6-мартындагы № 27 "2013-жылдын 25-октябрында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин алкагында жашыруун маалыматты сактоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 27
- Кабыл алынган күнү: 06.03.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.03.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111760>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2571/edition/866216/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111760.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2018-жылдын 6-мартындагы № 27 "2013-жылдын 25-октябрында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин алкагында жашыруун маалыматты сактоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы (06.03.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111760

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2018-жылдын 6-марты № 27 2013-жылдын 25-октябрында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин алкагында жашыруун маалыматты сактоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

2018-жылдын 25-январында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111760/st-1)

2013-жылдын 25-октябрында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин алкагында жашыруун маалыматты сактоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111760/st-2)

Жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу Кыргыз Республикасынын компетенттүү органы катары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аныкталсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111760/st-3)

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жана Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу Кыргыз Республикасынын компетенттүү органы жөнүндө кабарласын.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111760/st-4)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков
