КР «2013-жылдын 20-ноябрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2018-жылдын 26-февралы № 26 2013-жылдын 20-ноябрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
2018-жылдын 25-январында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. 2013-жылдын 20-ноябрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене. Жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы катары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аныкталсын.
3-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жана Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы жөнүндө кабарласын.
4-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-декабрындагы № 797 "Санкт-Петербург шаарында 2013-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө…Постановление · 08.12.2017 · № 797
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 28-декабрындагы № 2158-VI "Санкт-Петербург шаарында 2013-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер…Постановление · 28.12.2017 · № 2158-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 11-январы № 2187-VI "2013-жылдын 20-ноябрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине…Постановление · 11.01.2018 · № 2187-VI