# КР 2018-жылдын 21-февралындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 21-февралындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 21.02.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.02.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111758>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2569/edition/866082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111758.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.02.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2018-жылдын 21-февралындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (21.02.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111758

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2018-жылдын 21-февралы № 25 "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2018-жылдын 10-январында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111758/st-1)

"Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 9, 334-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-статьянын 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Фильмдин продюсери - республикалык бюджеттен каржыланган кино чыгаруучу уюмдарда мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдардан тышкары, фильмди каржылоо, тартуу жана жүгүртүү демилгесин жана жоопкерчилигин өзүнө алган жеке же юридикалык жак.";

2) 5-статьянын 2-бөлүгү "цензурадан өткөрүүгө" деген сөздөрдөн кийин ", ушул Мыйзамдын 6-статьясында каралган учурларды кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын;

3) 6-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Фильмдин концепциясы учурдагы конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырууга; согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка; улуттук, этностук, расалык, социалдык, диний кастыкты тутандырууга; улуттук же тектик артыкчылыкты, сабырсыздыкты үгүттөөгө тийиш эмес. Фильмге порнографиялык мазмундагы сценаларды киргизүүгө жол берилбейт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111758/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков
