# КР 2018-жылдын 15-февралындагы № 21 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 15-февралындагы № 21 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 21
- Кабыл алынган күнү: 15.02.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111754>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2565/edition/1097060/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111754.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2018-жылдын 15-февралындагы № 21 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111754

---

КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2018-жылдын 15-февралы № 21 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2018-жылдын 15-февралында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111754/st-1)

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 37-берененин 3 жана 6-бөлүктөрүндө "үчтөн экисинен кем эмеси" деген сөздөр "көпчүлүгү" деген сөзгө алмаштырылсын;

2) 43-берененин 4-бөлүгүндө "кеминде үчтөн экиси" деген сөздөр "көпчүлүгү" деген сөзгө алмаштырылсын;

3) 49-берененин 3-бөлүгүндө "кеминде үчтөн экиси" деген сөздөр "көпчүлүгү" деген сөзгө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111754/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков
