# 6-берене. Кызыл Жарым Ай Коомунун милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111752)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 3-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111752/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2563/edition/1200809/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111752/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө, 6-берене (04.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111752/st-6

---

Кызыл Жарым Ай Коому Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары үчүн жардамчы уюм катары өзүнүн компетенциясынын алкагында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкү милдеттерди аткарат:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында калктын саламаттыгын сактоо боюнча, анын ичинде адамдын азап чегүүсүн жеңилдетүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүүгө катышуу;

2) Кыргыз Республикасынын аймагында куралдуу чыр-чатактардын, башка кырдаалдардагы зомбулуктун курмандыктарына, ошондой эле табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында жабыр тарткан адамдарга жардамды уюштуруу;

3) ар кандай категориядагы жарандарды багууну жүзөгө ашырууга, муктаж адамдарга гуманитардык, материалдык, медициналык, социалдык, психологиялык жана башка жардамдарды көрсөтүүгө катышуу;

4) эл аралык гуманитардык укук жөнүндө билимди жайылтуу;

5) Кызыл Жарым Ай Коомунун принциптеринен жана максаттарынан келип чыккан башка милдеттерди аткарууну камсыз кылуу.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111752/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111752/st-7)
