# 5-берене. Кызыл Жарым Ай Коомунун ишинин принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111752)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 3-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.11.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 ноября 2022 года № 103 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Национальном Обществе Красного Полумесяца Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112450)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111752#diff=1200809..1200810>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111752/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2563/edition/1200809/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111752/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө, 5-берене (04.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111752/st-5

---

Кызыл Жарым Ай Коому өзүнүн ишинде Кыймылдын төмөнкүдөй негизги принциптерин жетекчиликке алат:

1) гумандуулук - бардык жабыркагандардын баарына же бирин артык көрбөстөн жардам көрсөтүүгө умтулуу, эл аралык деңгээлде да, улуттук деңгээлде да адамдын ар кандай кырдаалдарда азап чегүүсүн болтурбоого жана жеңилдетүүгө аракеттенүү, адамдардын өмүрүн коргоо жана инсанды урматтоону камсыз кылуу, ошондой эле элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө, достукка, кызматташтыкка жана тынчтыкты бекемдөөгө жетишүүгө жардам берүү;

2) калыстык - улуттук, расалык, диний ырым-жырымдан жана класстык саясий ынанымдардан эркин болуу;

3) бейтараптык - жалпы ишенимди сактоо максатында куралдуу чыр-чатактарда кайсы бир тарапты жактабоо жана саясий, расалык, диний мүнөздөгү талаштарга катышпоо;

4) көз карандысыздык - Кыймылдын негизги принциптеринин негизинде колдонуудагы мыйзамдарга ылайык Кызыл Жарым Ай Коому тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине гуманитардык, материалдык, медициналык, социалдык, психологиялык жана башка жардамдарды көрсөтүү;

5) ыктыярдуулук - пайда алууга багытталбаган жардам көрсөтүү боюнча иш;

6) биримдик - өлкөнүн аймагында бир гана Кызыл Жарым Ай Коомунун болушу;

7) универсалдуулук - тең укуктуу статуска жана бирдей жоопкерчиликке ээ болгон коомдордон турган Кыймыл бүткүл дүйнөлүк болуп саналат.

(КР 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 103 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111752/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111752/st-6)
