# 3-берене. Кызыл Жарым Ай Коому

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111752)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 3-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111752/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2563/edition/1200809/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111752/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө, 3-берене (04.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111752/st-3

---

1. Кызыл Жарым Ай Коому Кыргыз Республикасынын аймагында жардамдашуучу ролду аткаруучу жана гуманитардык, материалдык, медициналык, социалдык, психологиялык жана башка жардамдарды көрсөтүү жаатында мамлекеттик органдарга көмөктөшүүнү жүзөгө ашыруучу Кыймылдын жалгыз улуттук уюму деп таанылат.

Кызыл Жарым Ай Коому ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн жардамдын түрлөрүн тынчтык убакта, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын жана куралдуу чыр-чатактардын убагында көрсөтө алат.

2. Кызыл Жарым Ай Коому 1926-жылдын 6-октябрында түзүлгөн Кыргыз АССРнин Кызыл Крестинин укук мураскору жана Кыймылдын курамдык бөлүгү, ошондой эле Федерациянын толук укуктуу мүчөсү болуп саналат.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111752/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111752/st-4)
