12-берене. Кызыл Жарым Ай Коомунун ишин каржылоо
Күчүндө · 04.11.2022 редакциясы
Кызыл Жарым Ай Коомунун ишин каржылоо төмөнкүдөй булактардан камсыз кылынат:
1) ар жылдагы мүчөлүк төгүмдөрдөн;
2) кайрымдуулук төгүмдөрдөн, каражаттардан жана гранттардан;
3) кайрымдуулук жарманкелерин, концерттерди, көргөзмөлөрдү, лекцияларды, спорттук жана башка оюн-зоок иш-чараларын өткөрүүдөн, ошондой эле кайрымдуулук купондорун, маркаларын жана билеттерин сатуудан алынган кирешелерден;
4) менчигинин формасына карабастан жеке жана башка мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын, ошондой эле жеке жактардын продукцияларын жана кайрымдуулук үстөк баалары менен кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн кирешелерден;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган кирешелердин жана келип түшкөн каражаттардын башка түрлөрүнөн.
Берененин тексти 04.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111752/st-12" title="12-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>