# 11-берене. Маалымат берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111752)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 3-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111752/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2563/edition/1200809/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111752/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө, 11-берене (04.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111752/st-11

---

Кызыл Жарым Ай Коомунун суроо-талабы боюнча мамлекеттик органдар, мекемелер жана уюмдар, кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн компетенциясынын чектеринде маалыматтарды берет. Көрсөтүлгөн маалыматтар оорулар, жаракат алуулар, өзгөчө кырдаалдарда жана чыр-чатактарда жабыр тарткандар, ошондой эле калктын аялуу катмарларынын ар түрдүү категориялары боюнча статистикалык маалыматтарды камтышы мүмкүн. Купуя маалыматтарды кошпогондо, кармалган, интернирленген, орун которгон адамдар тууралуу маалыматтар аларга издөө жарыяланган жана туугандары жана жакындары менен болгон байланышы белгиленген учурларда мамлекеттик органдар тарабынан берилет.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111752/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111752/st-12)
