# 10-берене. Кызыл Жарым Ай Коомунун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111752)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 3-февралындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111752/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2563/edition/1200809/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111752/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө, 10-берене (04.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111752/st-10

---

1. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде каралган милдеттерди ишке ашыруу үчүн Кызыл Жарым Ай Коому бардык деңгээлдердеги мамлекеттик органдар, мамлекеттик мекемелер жана уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну жүзөгө ашырат жана кызматташуунун негизги багыттары жана усулдары аныкталган макулдашууларды түзүүгө укуктуу.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары Кызыл Жарым Ай Коомун жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүн тарта алат жана биргелешкен ишти жүзөгө ашыруу үчүн, анын ичинде мамлекеттик заказдын негизинде колдоо көрсөтө алат.

3. Кызыл Жарым Ай Коомунун Федерацияга жыл сайын төлөөчү төгүмдөрү республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111752/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111752/st-11)
