# 62-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык ишканаларды жана коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө, ошондой эле акционердик коомдорго катышууга укуктары

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111749)
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 27-январындагы № 16 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111749/st-62>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2560/edition/1097056/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111749/st-62.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 62-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111749/st-62

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу жана ыкчам чечүүнү камсыз кылуу, ошондой эле өз аймагынын чектеринде экономикалык өнүгүүнү стимулдаштыруу максатында муниципалдык ишканаларды жана коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө, ошондой эле акционердик коомдорго катышууга укуктуу.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын гана компетенциясына кирген ыйгарым укуктардан тышкары, белгилүү бир ыйгарым укуктарын муниципалдык ишканаларга, коммерциялык эмес уюмдарга, ошондой эле акцияларынын жарымынан көбү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таандык болгон акционердик коомдорго өкүлдөп берүүгө укуктуу.

3. Муниципалдык ишканалар жана коммерциялык эмес уюмдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдети болуп саналган кызмат көрсөтүүлөр үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлөт.";

2) 10-глава төмөнкүдөй мазмундагы 62-1 жана 62-2-беренелер менен толукталсын:

"62-1-берене. Муниципалдык заказ

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга, муниципалдык заказды жүзөгө ашырууга жана ушул Мыйзамдын 18-беренесинде каралган башка ыйгарым укуктарды аткарууга укуктуу.

2. Муниципалдык заказ жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткарылышы мүмкүн. Муниципалдык заказды аткарууну өткөрүп берүү келишим боюнча жүргүзүлөт. Муниципалдык заказ жөнүндө келишим боюнча муниципалдык мүлктү өткөрүп берүү жергиликтүү кеңештин макулдугу менен жүргүзүлөт.

3. Муниципалдык заказды каржылоо келишимдин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджетинин же бюджеттен тышкары фонддорунун каражаттарынан жүзөгө ашырылат.

4. Тарифтерге көзөмөлдү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында сактап калган шартта, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калкка монополиялык кызмат көрсөтүүлөр катары берилүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (суу менен камсыз кылуу, канализация, жылуулук берүү жана башка кызмат көрсөтүүлөр) болгон белгилүү бир ыйгарым укуктарды муниципалдык ишканаларга, коммерциялык эмес мекемелерге, ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактарга өткөрүп берүүгө укуктуу.

5. Муниципалдык заказдын субъектиси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө же болбосо мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте аныкталат.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111749/st-1)  
Кийинки берене: [62-2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111749/st-62-2)
