# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111744)
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 24-январындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 11
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112522)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111744/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2555/edition/1289923/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111744/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111744/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 281-статьяда:

а) 1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"үч жылга чейинки мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен үч эселенген айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";

б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"үч жылдык мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";

в) 5-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"үч жылдык мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен жети жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";

2) 284-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч эселенген айыпка, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен беш жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";

3) 285-статьяда:

а) 1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"үч эселенген айыпка жазаланат.";

б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"үч эселенген айыпка же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111744/st-2)
