1-берене
Күчүн жоготкон · 03.03.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 281-статьяда:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"үч жылга чейинки мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен үч эселенген айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"үч жылдык мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
в) 5-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"үч жылдык мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу менен жети жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
2) 284-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч эселенген айыпка, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен беш жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
3) 285-статьяда:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"үч эселенген айыпка жазаланат.";
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"үч эселенген айыпка же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
Берененин тексти 03.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111744/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>