# КР 2018-жылдын 12-январындагы № 4 "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 12-январындагы № 4 "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111738>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2549/edition/1234071/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111738.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2018-жылдын 12-январындагы № 4 "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111738

---

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2018-жылдын 12-январы № 4 "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

2017-жылдын 6-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111738/st-1)

"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 320-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-статья менен толукталсын: "8-1-статья. Кыргыз Республикасынын нотариалдык документтеринин бирдиктүү электрондук базасы Кыргыз Республикасынын нотариалдык документтеринин бирдиктүү электрондук базасы - бул нотариалдык иш жөнүндө маалыматтарды жыйноо, алуу, издөө, өткөрүп берүү, иштеп чыгуу, сактоо, пайдалануу жана (же) берүү процесстерин автоматташтыруу жана маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн бардык түрлөрүн камсыз кылуу үчүн багытталган программалык-техникалык каражаттардын комплекси. Нотариалдык документтердин бирдиктүү электрондук базасын жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111738/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков
