Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-03-09.
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2018-жылдын 12-январы № 4 "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 6-декабрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 320-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-статья менен толукталсын: "8-1-статья. Кыргыз Республикасынын нотариалдык документтеринин бирдиктүү электрондук базасы Кыргыз Республикасынын нотариалдык документтеринин бирдиктүү электрондук базасы - бул нотариалдык иш жөнүндө маалыматтарды жыйноо, алуу, издөө, өткөрүп берүү, иштеп чыгуу, сактоо, пайдалануу жана (же) берүү процесстерин автоматташтыруу жана маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн бардык түрлөрүн камсыз кылуу үчүн багытталган программалык-техникалык каражаттардын комплекси. Нотариалдык документтердин бирдиктүү электрондук базасын жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Нотариат жөнүндөЗакон · 09.03.2023 · № 54
- Нотариат жөнүндөЗакон · 30.05.1998 · № 70 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Нотариат жөнүндөЗакон · 09.03.2023 · № 54
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.