# 1-берене

- Документ: [Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111736)
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 11-январындагы № 2 "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111736/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2547/edition/863495/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111736/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (11.01.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111736/st-1

---

"Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 7, 496-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын:

"адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоо - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген критерийлердин негизинде адамдарды сатуунун курмандыктарына адамдарды кошуу эрежелери; адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүүнүн улуттук механизми - бул адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам берүүгө жана аларды коргоого багытталган мамлекеттик органдардын, коммерциялык эмес уюмдардын, ошондой эле адистештирилген мекемелердин иш-аракеттеринин жыйындысы;";

2) 6-статьяда:

а) 3-пунктунда:

сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган"; пункт төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын: "миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган";";

б) 6-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу" деген сөздөр алып салынсын;

3) 7-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүүнүн улуттук механизмин түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу.";

4) 8-статьяда:

1-пунктта "Президенти" деген сөз "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын; 3 жана 4-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;

5) 9-статья төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын:

"10-1. Миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган адамдарды сатуунун алдын алууга, табууга жана болтурбоого катышат.";

6) IV глава төмөнкүдөй мазмундагы 19-1-статья менен толукталсын:

"19-1-статья. Адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүүнүн улуттук механизми Адамдарды сатуунун курмандыктарын табуу, идентификациялоо, кайра жиберүү жана реабилитациялоо, адамдарды сатуунун курмандыктары менен болгон мамилелерди жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдар, ошондой эле адистештирилген мекемелер менен өз ара аракеттенүүлөрү адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүүнүн улуттук механизминин алкагында жүзөгө ашырылат.";

7) 25-статьянын 1-пункту "өтүнмөсү боюнча" деген сөздөрдөн кийин ", адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүүнүн улуттук механизминин алкагында" деген сөздөр менен толукталсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111736/st-2)
