# КР 2017-жылдын 30-декабрындагы № 223 (28) "2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 30-декабрындагы № 223 (28) "2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223(28)
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111732>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2543/edition/863046/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111732.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 30-декабрындагы № 223 (28) "2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы (30.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111732

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 30-декабры № 223 (28) 2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу

2017-жылдын 30-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111732/st-1)

2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишим ратификациялансын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111732/st-2)

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Евразия экономикалык комиссияга жогоруда көрсөтүлгөн Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111732/st-3)

Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдары Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексине карама-каршы келбеген бөлүгүндө, Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин ченемдерин ишке ашырууга багытталган ченемдик укуктук актылар күчүнө киргене чейин колдонулары белгиленсин.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111732/st-4)

Ушул Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков
