# КР 2017-жылдын 28-декабрындагы № 222 (27) "Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-декабрындагы № 222 (27) "Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 222(27)
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111731>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2542/edition/862699/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111731.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 28-декабрындагы № 222 (27) "Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (28.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111731

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 28-декабры № 222 (27) Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2017-жылдын 27-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111731/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 11, 1032-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 8-берененин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111731/st-2)

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 765-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 20-беренеде:

а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку жөлөкпул дайындоо жана төлөө бөлүгүндө ушул Мыйзамдын 7, 11, 12, 13 жана 14-беренелеринин жоболорун кошпогондо, ушул Мыйзам 2018-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.";

б) 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында "2018-жылдын 1-январынан" деген сөздөр "2018-жылдын 1-апрелинен" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111731/st-3)

Ушул Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыяланууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков
