# 6-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111727)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-декабрындагы № 218 (23) "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 218(23)
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111727/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2538/edition/929005/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111727/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө, 6-берене (26.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111727/st-6

---

1. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу, тамак-аш азыктарын сатып алуу, социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпулдар, калкка социалдык жардамдар боюнча жөлөкпулдар, стипендиялар), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелери боюнча жүргүзүлсүн.

2. Бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлгөндүгүнө, алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу корголгон беренелер боюнча чыгымдарга каралган суммаларды азайтууга жол берилет.

3. Ушул Мыйзамга ылайык корголгон беренелер боюнча жеке чыгашаларды толугу менен камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлсүн.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2018-2020-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111727/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111727/st-7)
