# 5-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111727)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-декабрындагы № 218 (23) "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 218(23)
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2018
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 декабря 2018 года № 111 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2018 год и прогнозе на 2019-2020 годы"](https://aqlex.ai/kg/doc/111854)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111727#diff=929005..929006>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111727/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2538/edition/929005/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111727/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө, 5-берене (26.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111727/st-5

---

1. 2018-2020-жылдарга мамлекеттик инвестициялар боюнча чыгашалар 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.

2. 2018-жылы капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 5919544,4 миң сом суммасында бекитилсин жана алардын артыкчылыгын эске алуу менен алар мурунку мезгилде каралган объекттердин курулушун бүткөрүүгө жана 2018-жылга бекитилген тизмектеги объекттердин курулушуна, реконструкциясына багытталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык табигый кырсыктардан жабыркагандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө 150000,0 миң сом багытталсын.

4. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2018-жылы - 355000,0 миң сом суммасында, 2019-жылы - 600000,0 миң сом, 2020-жылы - 700000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотация алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыктары белгиленсин.

(КР 2018-жылдын 26-декабрындагы N 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111727/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111727/st-6)
