# 14-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111727)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-декабрындагы № 218 (23) "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 218(23)
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111727/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2538/edition/929005/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111727/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө, 14-берене (26.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111727/st-14

---

1. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу, багыты боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынсын.

Кайтарым негизинде берилген бюджеттик каражаттарды өз учурунда кайтарбоо жана аларды пайдаланганы үчүн пайыздарды төлөөнүн мөөнөтүн өткөрүп жиберүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды кыскартуу, ошондой эле кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууга негиз болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдө жайгашкан мекемелерин кошпогондо, мамлекеттик мекемелерге казына тутумун буйтап өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттардын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111727/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111727/st-15)
