# 12-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111727)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-декабрындагы № 218 (23) "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 218(23)
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111727/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2538/edition/929005/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111727/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө, 12-берене (26.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111727/st-12

---

1. Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттери үчүн теңдөө гранттарынын өлчөмдөрү чыгашалардын 1850000,0 миң сом жалпы суммасында 10-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын 2019-2020-жылдарга республикалык бюджетинен теңдөө гранттарынын өлчөмдөрүнүн болжолу 10-тиркемеге ылайык жактырылсын.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңдөө трансферттерин биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багыттасын.

4. Республикалык бюджеттен теңдөө трансферттеринин эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик тартат.

5. Мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын чегинде жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффициенттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечим кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин көбөйтүү ушул Мыйзам менен бекитилген 2018-2020-жылдарга теңдөө трансферттеринин өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп эсептелбей тургандыгы белгиленсин.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111727/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111727/st-13)
