# 10-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111727)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 28-декабрындагы № 218 (23) "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 218(23)
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111727/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2538/edition/929005/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111727/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө, 10-берене (26.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111727/st-10

---

1. 2018-жылга төмөнкүлөрдөн түшкөн чегерүүлөрдүн ченемдери белгиленсин:

1) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн салык агенти төлөөчү киреше салыгынан жана сатуудан алынуучу салыктан - 50 пайыз өлчөмүндө;

2) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан, милдеттүү патенттөөнүн негизиндеги салыктан, бирдиктүү салыктын негизинде түшүүлөрдөн - шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин карамагына 100 пайыз өлчөмүндө;

3) жер казынасын пайдалануу үчүн салыктан (стратегиялык пайдалуу кендерди: алтынды, мунайды, газды кошпогондо, роялти) алардын иштелип чыккан орду (жайгашкан жери) боюнча шаарлардын жана айылдардын тиешелүү жергиликтүү бюджеттерине - 50 пайыз өлчөмүндө;

4) жер казынасын (бонустар) пайдалануу үчүн салыктан - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө.

2. Жалпы мамлекеттик салыктарды алардын болжолун ашыра аткаруу суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүүнү салыктардын ар бир түрү боюнча пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдери боюнча жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

3. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпайт.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111727/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111727/st-11)
