# 9-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111725)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 27-декабрындагы № 216 (21) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216(21)
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111725/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2536/edition/929323/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111725/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө, 9-берене (23.01.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111725/st-9

---

1. Келишимдик негизде кызмат көрсөтүү жана акы төлөтүү менен мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын бюджеттерин түзүүнү жана аткарууну башкаруу боюнча ыйгарым укуктар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна жүктөлө тургандыгы белгиленсин.

2. Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан пайдаланылбаган каражаттардын калдыгы кезектеги бюджеттик жылга которулат.

3. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бюджетти аткаруу процессинде Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына келишимдик негизде көрсөтүлгөн кызматтар үчүн өз убагында жана толук акы төлөөнү жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчилик тартат.

4. Өздүк чыгымдардын толуктугун камсыз кылуу жоопкерчилиги Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.

5. Саламаттык сактоо уюмдары жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан бюджеттик жөнгө салуу, ошондой эле саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жоболорун бузуу менен пайдаланылган каражаттар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин киреше бөлүгүнө которулууга тийиш экени белгиленсин.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111725/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111725/st-10)
