9-берене
Күчүндө · 23.01.2019 редакциясы
1. Келишимдик негизде кызмат көрсөтүү жана акы төлөтүү менен мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын бюджеттерин түзүүнү жана аткарууну башкаруу боюнча ыйгарым укуктар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна жүктөлө тургандыгы белгиленсин.
2. Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан пайдаланылбаган каражаттардын калдыгы кезектеги бюджеттик жылга которулат.
3. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бюджетти аткаруу процессинде Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына келишимдик негизде көрсөтүлгөн кызматтар үчүн өз убагында жана толук акы төлөөнү жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчилик тартат.
4. Өздүк чыгымдардын толуктугун камсыз кылуу жоопкерчилиги Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.
5. Саламаттык сактоо уюмдары жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан бюджеттик жөнгө салуу, ошондой эле саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жоболорун бузуу менен пайдаланылган каражаттар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин киреше бөлүгүнө которулууга тийиш экени белгиленсин.
Берененин тексти 23.01.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111725/st-9" title="9-берене - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>