# 7-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111725)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 27-декабрындагы № 216 (21) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216(21)
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111725/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2536/edition/929323/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111725/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө, 7-берене (23.01.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111725/st-7

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкү сунуштарды киргизүүгө укуктуу:

1) эгерде бул Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин киреше бөлүгүнүн азайышына алып келбесе, ушул Мыйзамдын 1-беренеси менен бекитилген суммалардын чегинде ушул Мыйзамдын тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна жана/же тескемесине ылайык ушул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Мыйзам долбоору киргизилгенге чейин киреше булактарын көрсөтүү менен кечиктирилгис иш-чараларды аткаруу үчүн зарыл болгон бекитилген бюджеттен тышкары кошумча каржылоо жөнүндө;

3) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгү жана Социалдык фонддун бюджети аткарылбаган учурда, Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен ассигнованиелердин көлөмүн жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүн азайтуу жагына өзгөртүү жөнүндө.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111725/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111725/st-8)
