# 5-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111725)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 27-декабрындагы № 216 (21) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 216(21)
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2019
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2019 года № 13 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О бюджете Фонда обязательного медицинского страхования при Правительстве Кыргызской Республики на 2018 год и прогнозе на 2019-2020 годы"](https://aqlex.ai/kg/doc/111866)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111725#diff=929323..929324>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111725/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2536/edition/929323/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111725/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө, 5-берене (23.01.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111725/st-5

---

1. Республикалык бюджеттен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна берилүүчү ассигнованиялардын өлчөмү төмөнкү суммада белгиленсин:

2018-жылга - 10566697,2 миң сом; 2019-жылга божомол - 9430742,3 миң сом, 2020-жылга - 9468317,0 миң сом. Бюджетти божомолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине республикалык бюджеттен берилүүчү ассигнованиелерди жыл ичинде бекитилген жылдык көлөмдүн он экиден бир бөлүгү өлчөмүндө бирдей жана толук көлөмдө бөлүүнү камсыз кылсын. Республикалык бюджеттен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине өткөрүп берилүүчү ассигнованиелер толук эмес көлөмдө бөлүнгөн учурда карыздын пайда болгон суммасы кезектеги бюджеттик жылга өтөт жана кезектеги бюджеттик жылга республикалык бюджеттин долбоорунда каралат.

2. Социалдык фонддун бюджетинен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине 2018-жылга берилүүчү каражаттардын көлөмү 2328445,8 миң сом суммасында, анын ичинде: камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды жабууга 111835,1 миң сом суммасында, 2019-жылга божомол - 2249910,8 миң сом суммасында, 2020-жылга - 2381558,8 миң сом суммасында белгиленсин.

(КР 2019-жылдын 23-январындагы N 13 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111725/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111725/st-6)
