# 9-берене. Мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтардын жашыруундук даражалары жана бул маалыматтарды алып жүрүүчүлөрдүн жашыруундук грифтери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111719)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 15-декабрындагы № 210 (15) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210 (15)
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года N 34 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите государственных секретов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112508)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111719#diff=1229911..1229912>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2530/edition/1229911/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111719/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө, 9-берене (16.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-9

---

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлары аларды түзүүчү маалыматтардын маанилүүлүк даражасы боюнча төмөнкүдөй эки категорияга бөлүнөт: мамлекеттик купуя сыр (мамлекеттик купуя сырды түзүүчү маалыматтар) жана кызматтык купуя сыр (кызматтык купуя сырды түзүүчү маалыматтар).

2. Мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтардын жашыруундугунун үч даражасы жана мындай маалыматтарды алып жүрүүчүлөр үчүн бул даражаларга ылайык келүүчү "өзгөчө маанилүү", "өтө жашыруун" жана "жашыруун" деген жашыруундук грифтери белгиленет.

3. Мамлекеттик купуя сырды түзүүчү маалыматтарга "өзгөчө маанилүү", "өтө жашыруун" грифтери коюлат.

4. Кызматтык купуя сырды түзүүчү маалыматтарга "жашыруун" грифи коюлат. Кызматтык купуя сыр мамлекеттик купуя сырга кирүүчү айрым маалыматтар мүнөзүндө болот жана аларды толук камтый албайт.

5. Аталган жашыруундук грифтерин мамлекеттик сырларга киргизилбеген маалыматтарды жашыруун кылуу үчүн колдонууга, ошондой эле мындай маалыматтарга башка чектөө грифтерин коюуга жол берилбейт.

6. Маалыматтарга карата чектөө грифтерин белгилөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-10)
