# 7-берене. Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүүнүн жана жашыруун кылуунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111719)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 15-декабрындагы № 210 (15) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210 (15)
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года N 34 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите государственных секретов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112508)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111719#diff=1229911..1229912>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2530/edition/1229911/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111719/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө, 7-берене (16.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-7

---

1. Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык корголууга жатуучу маалыматтарды аныктоо аркылуу жүзөгө ашырылат.

2. Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитүүчү, мамлекеттик сырларды түзүүчү эң башкы маалыматтардын Тизмегине, ошондой эле маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын жетекчилери бекитүүчү жашыруун кылууга жатуучу ведомстволук маалыматтардын тизмегине ылайык жүргүзүлөт.

3. Маалыматтарды жашыруун кылуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитүүчү жумуштарда, документтерде жана буюмдарда камтылган маалыматтардын жашыруундук даражасын аныктоонун жана белгилөөнүн тартибине ылайык жүзөгө ашырылат.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктоочу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарынын менчиги болуп саналган жана ушул Мыйзамдын ушул беренесинин 3-бөлүгүнүн, 9 жана 10-беренелеринин талаптарына жооп берген маалыматтарды жашыруун кылууга жана ачыктоого укуктуу.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-8)
