# 6-берене. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын мамлекеттик сырларды коргоону камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111719)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 15-декабрындагы № 210 (15) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210 (15)
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года N 34 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите государственных секретов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112508)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111719#diff=1229911..1229912>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2530/edition/1229911/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111719/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө, 6-берене (16.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-6

---

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар өз иш-аракет чөйрөсүндө, мамлекеттик сырларды коргоону камсыз кылуу субъекттери менен өз ара аракеттенип:

1) жашыруун кылынууга жатуучу маалыматтардын ведомстволук тизмектерин иштеп чыгат жана бекитет;

2) мамлекеттик сырларды коргоону уюштурат жана жүзөгө ашырат;

3) мамлекеттик сырлардын корголушун, анын ичинде өзүнүн карамагындагы уюмдарда корголушун координациялоону жана контролдоону жүзөгө ашырат;

4) аларга башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар берген мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтардын, ошондой эле өздөрү жашыруун кылган маалыматтардын корголушун камсыз кылат;

5) мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды пайдалануу менен жумуштарды жүргүзүүгө, кызматтарды көрсөтүүгө уруксатты белгиленген тартипте алат;

6) мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды коргоонун сертификацияланган каражаттарын иштетет;

7) мамлекеттик сырларды коргоо боюнча түзүмдүк бөлүктөрдү түзүү, уюштуруу маселелери боюнча макулдашууну белгиленген тартипте жүргүзөт жана алардын иштөөсүн камсыз кылат;

8) мамлекеттик сырларды коргоону камсыз кылууга жооптуу адамдарды аныктайт;

9) мамлекеттик сырларга уруксат берилген кызматкерлердин кызмат орундарынын номенклатурасын иштеп чыгат жана бекитет;

10) мамлекеттик сырларды коргоону, мамлекеттик сырларды коргоо боюнча түзүмдүк бөлүктөрдүн кадрларын даярдоону жана кайра даярдоону камсыз кылууга жооптуу жетекчилердин квалификациясын жогорулатууну камсыз кылат;

11) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-7)
