# 4-берене. Мамлекеттик сырларды коргоону камсыз кылуунун субъекттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111719)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 15-декабрындагы № 210 (15) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210 (15)
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года N 34 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите государственных секретов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112508)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111719#diff=1229911..1229912>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2530/edition/1229911/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111719/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө, 4-берене (16.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-4

---

1. Мамлекеттик сырларды коргоону камсыз кылууну өз ыйгарым укуктарынын чектеринде төмөнкүлөр жүзөгө ашырат:

1) улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган);

2) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын мамлекеттик сырларды коргоо боюнча өз алдынча түзүмдүк бөлүгү (жооптуу адамы);

3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо маселелери боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш).

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө саналган субъекттер мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды коргоону аларга жүктөлгөн милдеттерге ылайык жана өз компетенцияларынын чектеринде камсыз кылат. Мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана уюмдарда мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды коргоону уюштурууга жоопкерчилик алардын жетекчилерине жүктөлөт. Мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды пайдаланып жүргүзүлүүчү жумуштардын көлөмүнө жараша мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын жетекчилери мамлекеттик сырларды коргоо боюнча түзүмдүк бөлүктөрдү түзөт (жооптуу адамды аныктайт), алардын функцияларын алар жүргүзүүчү жумуштун өзгөчөлүгүн эсепке алуу менен жогоруда аталган жетекчилер аныктайт.

3. Мамлекеттик сырларды коргоо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана уюмдун ишинин негизги түрлөрүнүн бири болуп саналат.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы №34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-5)
