# 3-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111719)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 15-декабрындагы № 210 (15) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210 (15)
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2530/edition/1229911/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111719/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө, 3-берене (16.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-3

---

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун кызыкчылыгында маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүүнүн, аларды коргоо системасынын, мындай маалыматтарды жашыруун кылууга жана ачыктоого байланышкан мамилелердин, ошондой эле мамлекеттик сырлар чөйрөсүндөгү башка иш-аракеттин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин жөнгө салат.

2. Ушул Мыйзамды колдонуу мамлекеттик эмес сырларга тиешелүү маалыматтарга жайылтылбайт.

3. Ушул Мыйзамдын жоболору мамлекеттик сырлар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу милдеттенмесин өзүнө алган, же болбосо өз статусу боюнча мындай талаптарды аткарууга милдеттүү болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдары, кызмат адамдары жана жарандары тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен сырткары аткарылууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-4)
