3-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
Күчүндө · 16.02.2023 редакциясы · 1-глава
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун кызыкчылыгында маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүүнүн, аларды коргоо системасынын, мындай маалыматтарды жашыруун кылууга жана ачыктоого байланышкан мамилелердин, ошондой эле мамлекеттик сырлар чөйрөсүндөгү башка иш-аракеттин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин жөнгө салат.
2. Ушул Мыйзамды колдонуу мамлекеттик эмес сырларга тиешелүү маалыматтарга жайылтылбайт.
3. Ушул Мыйзамдын жоболору мамлекеттик сырлар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу милдеттенмесин өзүнө алган, же болбосо өз статусу боюнча мындай талаптарды аткарууга милдеттүү болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдары, кызмат адамдары жана жарандары тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен сырткары аткарылууга милдеттүү.
Берененин тексти 16.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111719/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>