# 25-берене. Мамлекеттик сырларды коргоону контролдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111719)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 15-декабрындагы № 210 (15) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210 (15)
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года N 34 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите государственных секретов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112508)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111719#diff=1229911..1229912>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2530/edition/1229911/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111719/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө, 25-берене (16.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-25

---

1. Мамлекеттик сырларды коргоого контролду ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык органдары, маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүү укугу берилген, ошондой эле мамлекеттик сырларды пайдалануу менен ишти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар өз ыйгарым укуктарынын чектеринде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте камсыз кылат.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бардык мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана уюмдарда мамлекеттик сырларды коргоонун абалын контролдоого укуктуу. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн органдын мамлекеттик сырларды коргоонун абалын текшерүүнүн натыйжасында киргизген сунуштамалары кызмат адамдарынын аткаруусу үчүн милдеттүү болуп саналат.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-26)
