# 24-берене. Жумушу мамлекеттик сырларга байланышкан Кыргыз Республикасынын жарандарына жеңилдик берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111719)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 15-декабрындагы № 210 (15) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210 (15)
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года N 34 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите государственных секретов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112508)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111719#diff=1229911..1229912>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2530/edition/1229911/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111719/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө, 24-берене (16.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-24

---

Белгиленген тартипте жашыруундуктун тийиштүү даражасындагы сырларга уруксат берилген жана кызматтык (функциялык) милдеттеринен улам мындай маалыматтар менен туруктуу иштеген жарандарга төмөнкүдөй жеңилдиктер белгиленет:

1) уруксат берилген маалыматтардын жашыруундук даражасына жана аткарылуучу көлөмүнө жараша берилүүчү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү пайыздык үстөк төлөмдөр;

2) уюштуруу жана (же) штат иш-чараларын жүргүзүүдө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын мамлекеттик сырларды коргоо боюнча түзүмдүк бөлүктөрүнүн кызматкерлери үчүн жумушта калтырууга артыкчылыктуу укугу. Кызматкерлердин көрсөтүлгөн категориясын дайындоо жана бошотуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жүргүзүлөт.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-25)
