# 21-берене. Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга мамлекеттик сырларга уруксат берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111719)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 15-декабрындагы № 210 (15) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210 (15)
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года N 34 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите государственных секретов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112508)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111719#diff=1229911..1229912>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2530/edition/1229911/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111719/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө, 21-берене (16.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-21

---

1. Маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга мамлекеттик сырларга уруксат берүү аларды мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Тизмегине киргизүүнүн негизинде жүргүзүлөт.

2. Мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды пайдалануу менен жумуштарды жүргүзүүгө, кызматтарды көрсөтүүгө уруксат берүү алардын ушул Мыйзамдын 22-беренесинде каралган тартипте, жашыруундуктун тийиштүү даражасындагы маалыматтар менен жумуш жүргүзүүсүнө, кызматтарды көрсөтүүсүнө уруксат алуусу аркылуу, ошондой эле төмөнкүдөй учурларда жүзөгө ашырылат:

1) алар мамлекеттик сырларды коргоону камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарып жатканда;

2) мамлекеттик сырларды коргоо боюнча түзүмдүк бөлүктөрдү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тартипте талаптагыдай уюштуруп жатканда;

3) жашыруундук режимин камсыз кылууга жооптуу жетекчилерде мамлекеттик сырларга жетүү укугу болгондо;

4) алар мамлекеттик сырларды коргоонун мамлекеттик сырларды коргоону камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка чараларын аткарып жатканда.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-22)
